Таласта “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын филиалы ачылды (фото)
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын Талас облусундагы филиалы ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу жаңы ачылган филиалдын кызматкерлерин куттуктап, аймактагы курулуш иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүдө бул филиалдын ролу чоң экенин белгиледи.
"Өлкө аймагында курулуш иштери жылдан жылга көбөйүп, аймактарда инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы күчөп жаткандыктан бул филиалдын ачылышы региондордогу курулуш иштерин сапаттуу жана ыкчам жүргүзүүгө, ошондой эле жергиликтүү кадрларды жана ресурстарды тартууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Мекемеден билдиришкендей, филиалдын негизги милдети мамлекеттик курулуш объектилерин ишке ашыруу, долбоорлордун аткарылышын координациялоо жана сапаттык көзөмөл жүргүзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, буга чейин ишкананын Ош шаарында филиалы ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:39
2025-11-12
19:53
2025-11-12
19:13
2025-11-12
17:04
2025-11-12
16:48
2025-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















