Ысык-Көлдөгү "Дружба" эс алуу борбору мамлекетке алынды
Ысык-Көлдүн Түп районундагы "Дружба" эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган эс алуу борбор 4,5 гектар жер тилкеси жана 16 көрктөндүрүлгөн коттедждер, ошондой эле спорт аянтчалары, футбол аянтчасы жана рестораны менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлгөн.
Эс алуу борбору уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш ишин тергөөнүн алкагында алынган.
УКМК учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоого багытталган тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.
Ысык-Көлдөгү "Дружба" эс алуу борбору мамлекетке алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















