Өлкөдө сот өкүмү чыкканга чейин мыйзамсыз мүлктү мамлекетке алуу сунушталууда (сурамжылоо)
Сот өкүмү чыкканга чейин мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү конфискациялоо өндүрүшүн киргизүү сунушталууда. Мындай мыйзам долбоорду Башкы прокуратура коомдук талкууга алып чыкты.
Документте белгиленгендей, айыпталуучу жашырынып кеткенде, каза болгондо же иш реабилитацияланууга жатпаган негиздер менен кыскартылган учурда мамлекет мыйзамсыз жол менен алынган активдерди кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн жоготот, ал эми кылмышкерлер жана алардын чөйрөсү бул ресурстарды тоскоолдуксуз пайдаланууну уланта берет.
"Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты Жазык-процесстик кодексине жаңы укуктук механизмди киргизүү болуп саналат. Бул механизм мыйзамдуу булактар менен келип чыгышы тастыкталбаган активдерди айыптоо өкүмүн чыгарбастан тартып алууга мүмкүндүк берет. Мындай институтту киргизүү — коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, активдерди мамлекеттик бюджетке кайтарууга жана эл аралык стандарттарга ылайык укуктук мамлекетти чыңдоого багытталган", - деп белгиленген сунуштамада.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















