Казакстанда мунай азыктарын жана бензинди экспорттоого тыюу салынды
Казакстандын Энергетика министрлиги 20-ноябрдан 2025-жылдын 20-майына чейин өлкөдөн мунай азыктарын жана бензинди чыгарууга тыюу салган буйрук чыгарды. Бул чектөө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге да тиешелүү экендигин чет элдик басылмалар жазышууда.
Буйрукка ылайык, унаа жана темир жол транспорту аркылуу бензин, дизель майы жана айрым мунай азыктарын экспорттоого тыюу салынат.
Мындан тышкары 2026-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин жеңил дистилляттар, авиациялык керосин, дизель майы, газойл, толуол, ксилол жана мунай битумун ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салынат.
Бул чаралар ички рынокту камсыздоо жана мунай азыктарынын жетишсиздигинин алдын алуу максатында киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















