Өлкөдө 9 айдын ичинде 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду
Өлкөдө тогуз айдын ичинде 711 этникалык кыргыз кайрылман макамына ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.Маалыматка караганда, эгемендүүлүк алынгандан бери Кыргызстанга 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүп келип, алардын ичинен 65 миңге жакыны өлкө жарандыгын алышкан.
Кайрылман макамы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан берилет. Анын курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү кирет. Кайрылмаларды кароо мөөнөтү үч айды түзөт.
Эсептик мезгил ичинде кайрылман макамы төмөнкү өлкөлөрдөн келген этникалык кыргыздарга ыйгарылган:
• Өзбекстан — 54 адам;
• Тажикстан — 629 адам;
• Кытай — 12 адам;
• Орусия — 7 адам;
• Ооганстан — 8 адам;
• башка өлкөлөр — 1 адам.
"Кайрылман күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Ушул убакыт аралыгында кайрылман макамынын ээлери жарандык алуу боюнча кайрылууга тийиш. Кайрылман макамына ээ болгон жарандар социалдык жөлөкпулдарга, пенсияларга, медициналык жардамга, билим алууга жана Кыргызстандын аймагында эмгектенүүгө укуктуу", - деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:39
2025-11-12
19:13
2025-11-12
17:04
2025-11-12
16:48
2025-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















