Бишкек ШИИББи: Адвокат Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча кылмыш иши уланууда
Адвокат Икрамидин Айткуловдун белгисиз адамдар тарабынан сабалышы боюнча
кылмыш иши токтотулган жок. Азыркы тапта ага кошумча мөөнөт берилип, тергөө 1
айга узартылды. Бул тууралуу 20-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы
билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, аталган иш боюнча жабырлануучу шектеп жаткандардын
баары сурак беришкен. Адвокаттын ден соолугуна оор зыян келтирилгендиктен,
кайрадан соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, Икрамидин Айткулов өзүнүн сабалганы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулганын 13-январда айтып чыккан. Ал ИИМ, Бишкек ШИИББи кол салууну өз көзөмөлүбүзгө алабыз деген сөздөрүнө турбай, кылмыш ишин Свердлов РИИБинин жаш тергөөчүсү карагандыгын билдирген эле.
Эске салсак, 13-ноябрь күнү кечинде Икрамидин Айткуловду сабап кетишкен. Адвокаттын буту, тиштери сынганы, акчасы уурдалганы айтылып, шаардагы №4-ооруканага жаткырылган.
И.Айткулов 2012-2013-жылдары сотто Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиевге жактоочулук кылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.