Кир күзгү деп... Тайван музейге коюлган сүрөткө байланыштуу жагымсыз окуя болду
Тайвандын Килунг шаарындагы көркөм өнөр музейинде тазалоочу заманбап сүрөтчү Чэнь Сун Чинин чыгармасын кир күзгү деп ойлоп, даараткана кагазы менен тазалап жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Инсталляция жыгач тактайга орнотулган чаң баскан күзгүдөн турган жана "Биз – бул Мен" аттуу көргөзмөнүн бир бөлүгү болгон. Сүрөтчүнүн ою боюнча, чаң жана так – унутулуп бара жаткан маданиятты жана эс-тутумду чагылдырган символдор болгон.
Тазалоочу сүрөттү күзгү деп тазалап жатканда кесиптештери аны токтотууга жетишпей калган. Натыйжада чыгарманын негизги идеясы жоголгон.
Музей жетекчилиги сүрөтчүдөн расмий түрдө кечирим сурап, чыгымды төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Юристтер бул окуя атайылап жасалган вандализм эмес, жөн гана түшүнбөстүк болгонун билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















