Лавров Трамптын Путин менен жолугушуудан баш тартуусунун себебин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путин менен Будапешттеги жолугушуудан баш тартуусуна "жашыруун баяндамалар" себеп болгон. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин Орусия басылмалары жазышты.
"АКШнын лидери Трампка ал "жашыруун баяндамаларды" ким жана кайдан бергенин билбейм. Бирок анын натыйжасында Будапешт саммити же жылдырылып, токтотулуп калды. Мен силерге болгон окуялардын нугун так фактыларга таянып айтып жатам. Ал эми "Орусия сүйлөшүүгө даяр эмес" деген сыяктуу фейктерге жооп берүүнүн кажети жок деп эсептейм",- деген Лавров Corriere della Sera гезитине курган маегинде.
Дональд Трамп жана Владимир Путин октябрдын ортосундагы телефон сүйлөшүүсүндө жеке жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашышкан. Саммит Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтмөк. Бирок сүйлөшүү болбой калды. Бир нече күндөн кийин Трамп "убактылуу бош эмесмин, убакытты текке кетиргим келбейт" деп билдирип, жолугушууга баруудан баш тарткан. Путин болсо АКШ президенти саммитти таптакыр жокко чыгарбаганын, болгону жылдырганын айткан.
Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, Вашингтон жолугушууну токтоткон, анткени Москва Украинадагы аскердик аракеттерди токтотуу боюнча өтө катуу шарттарды койгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















