super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп АКШнын өкмөттүк бюджетин убактылуу каржылоочу мыйзамга кол койду 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөттүн каржылоосун узартуу боюнча убактылуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзам федералдык мекемелерге 30-январга чейин ишин улантууга мүмкүнчүлүк берет. Бул мөөнөт ичинде Конгресс толук бюджеттик мыйзам долбоорун даярдоого тийиш.

Конгресстин эки палатасы (сенат жана өкүлдөр палатасы) тарабынан бекитилген документ федералдык агенттиктердин каржылоосун калыбына келтирет, мамлекеттик кызматкерлердин жумуштан кетүүсүн токтотот, ошондой эле өкмөттүк иш токтоп турган маалда айлык албаган кызматкерлерге компенсация төлөөнү карайт. Ошондой эле, шатдаун учурунда чыгымдарын жабуу үчүн өз каражатын колдонгон штаттарга компенсация төлөнөт.

Документте чыгымдарга көзөмөлдү күчөтүү чаралары каралган эмес, бирок Пентагонду мурда каржыланбаган жаңы аскердик программаларды баштоого тыюу салынган. Бул мыйзам Politico басылмасынын маалыматы боюнча кеңири бюджеттик пландын негизи болот.

АКШда шатдаун дээрлик 43 күнгө созулду, бул - АКШнын тарыхындагы рекорддук мөөнөт. Ал Obamacare программасынын субсидиялары жана Medicaid программасын каржылоого байланыштуу демократтар менен республикачылардын пикир келишпестигинен улам башталган. Бул убакта өлкөдө күн сайын миңден ашык учак каттамдары токтотулган, аз камсыз болгон адамдарга азык-түлүк талондору берилген эмес, миңдеген мамлекеттик кызматкерлер айлык албай жумуштан кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: