super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сүлүктүдөгү мектепте айдоочуларды даярдоо курсу ачылды

 
Жаштардын кесиптик билимин өркүндөтүүгө жана аймакта квалификациялуу айдоочуларды даярдоо максатында Сүлүктү шаарындагы Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүү мектебинин базасында автоайдоочулук курсу ишмердүүлүгүн баштады.
Иш-чарага облус башчысы Айбек Шаменов катышып, заманбап талаптарга ылайык жаңыланган окуу класстарынын ишин көрүп чыкты.
Мекеменин унаа токтоочу жайын жана лабораториясын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 348 миң сом колдоо көрсөтүлгөн. Ошондой эле практикалык сабактар үчүн автоунаа сатып алууга 290 000 сом каражат бөлүнгөн.
Мындан сырткары, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 90 000 сомдук жабдуулар сатылып алынган.
Белгилей кетсек, Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүү мектеби министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 12-майында берилген лицензиясынын негизинде расмий түрдө автоайдоочулук курс жүргүзүүгө укук алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: