Түркия Грузияда кыйраган учактын атып түшүрүлүшү ыктымалдыгын иликтөөдө
Түркиядагы эксперттер Грузияда кыйраган аскердик учактын атып түшүрүлгөн болушу мүмкүндүгүн иликтеп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Грузияда кыйраган түрк аба күчтөрүнө таандык С-130 учагы кыйраган жерден кара куту табылганын жана аны талдоо иштери башталганын билдирген.
"Грузиянын бийлиги менен кырсык болгон жерге дароо биздин учкучсуз учуучу аппараттарыбызды киргиздик. Ошол эле күнү кечинде учактын калдыктары табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Учактын калдыктары табылган аймак курчоого алынып, кара кутусу табылды. Учурда анализ иштери башталды",- деген Эрдоган.
Ал эми Түркиянын Коргоо министрлиги иликтөө жана издөө-куткаруу тобу окуя болгон жерде ишин улантып жатканын билдирген. Ошондой эле кырсыктын жагдайларын иликтөө жана баалоо уланып жатканын бардык жыйынтыктар коомчулукка ачык жарыялана турганын белгилеген.
"Биздин учак куладыбы же атып түшүрүлдүбү? Бул маселе боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Учактын кыйрашынын ыктымалдыгы да, атып түшүрүлүү ыктымалдыгы да текшерилүүдө",- деп билдирди Түркиянын бийлиги.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















