"Чуулгандуу сүрөтчү" сериалында роль жараткан актриса Мун Чхэ Вон 39 жашка толду
Мун Чхэ Вон - Түштүк Кореянын эң белгилүү жана жогорку акы төлөнгөн актрисаларынын бири. Ал бүгүн, 13-ноябрда 39 жашка толду. Актриса сахнага алгач 2007-жылы "Алга, скумбрия, алга!" аттуу сериал аркылуу чыккан. Кийинки жылы "Чуулгандуу сүрөтчү" тарыхый драмасында роль жараткан, анда Чосон доорундагы сүрөтчү аялдын образын жандандырып, сынчылар менен көрөрмандардан жогорку баа алган.
Балалык жана үй-бүлө
Мун Чхэ Вон 1986-жылдын 13-ноябрында Тэгу шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу. Бала чагында сүрөт тартууга кызыгып, искусствого жакын өсүп, келечекте сүрөтчү болууну самаган. Ал Сеулга көчүп келгенде Чугье көркөм өнөр университетинин Батыш живописи бөлүмүндө окуган, бирок 2006-жылы актрисалыкка болгон кызыгуусу күчөп, окуусун токтотуп, киного кадам таштаган.
Карьерасы
Мун Чхэ Вондун актрисалык карьерасы "Алга, скумбрия, алга!" сериалы менен башталган. 2008-жылы "Чуулгандуу сүрөтчү" сериалында түпкүрлүү образдарды жаратып, ал "SBS Drama Awards 2008" сыйлыгына татыган.

2009-жылы "Тагдыр мурас" сериалы аркылуу кеңири таанылып, көп көрөрмандарга жеткен. Андан соң ал "Менин сулуу айымым", "Жебе. Абсолюттук курал", "Ханышанын сүйүктүүсү" жана "Жакшы дарыгер" сыяктуу долбоорлордо роль жараткан. Ар бир ролу актрисанын популярдуулугун арттырып, көптөгөн сыйлыктарды алып келген.

Мун Чхэ Вон 2014-жылы "Мин-у кайтып келгенде" кыска метраждуу фильминде, 2015-жылы "Бүгүнкү сүйүү" романтикалык комедиясында, ошондой эле "Жакшы калыңыз, Блэк мырза" жана "Кылмышкердей ой жүгүртүү" сериалдарында негизги каармандын образын жараткан. Ал ошондой эле кореялык "Биз чоң адамдарбыз" ремейкинде Квон Сан Ву менен чогуу роль ойногон.
Жеке жашоосу
Мун Чхэ Вон жеке жашоосун коомчулукка анча көрсөтпөйт. Мурун актёр Сон Чжун Ки менен мамилеси бар деген ушактар тараган, бирок экөө тең бул маалыматты четке каккан.
Актрисанын сулуулугу жана жашоо стили көпчүлүккө үлгү. Ал пластикалык операция жасаткан деген ушактарды четке каккан жана терисин сактоо үчүн күн сайын күндөн коргоочу крем колдонууну, жашыл чай менен жуунууну, терини аба өткөрүүчү жумшак сүлгүлөр менен сүртүүнү адатка айланткан.

Сыйлыктары жана жетишкендиктери
Мун Чхэ Вон актрисалык карьерасында ондогон сыйлыктарга ээ болгон, алардын айрымдары:
- 2008 – KBS Drama Awards: Жаңы актриса
- 2011 – KBS Drama Awards: Эң мыкты актриса
- 2012 – Blue Dragon Film Awards: Эң мыкты актриса
- 2013 – KBS Drama Awards: Эл аралык популярдуу актриса
- 2019 – Asia Artist Awards: Популярдуу актриса

Кызыктуу фактылар
- 2012-жылы Сеул прокуратурасы аны актёр Ли Мин Хо менен бирге "Ардак прокурор" наамына татыктуу деп тапкан.
- Ал актрисалык кесиптен тышкары, сүрөт тартуу жана гитара чертүү сыяктуу хоббилерди жактырат.
- Мун Чхэ Вон - жаратылышты сүйгөн адам, бош убактысында тоого чыгуу же шаар четинде саякаттоону жактырат.
13-ноябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















