"Электр жарыгын өчүрүп койгула". Ташиев тойлордун убактысы боюнча тапшырма берди (видео)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип, тойканалар, түнкү клубдар, оюн-зоок жайлары "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды сактабай жатканын айтты.
"Тойлордун, оюн-зооктордун, түнкү клубдардын жумушу саат 22:00дөн кийин токтошу керек, элге таңкы саат 7ге чейин тынчтык бериш керек деген токтом кабыл алганбыз. Бирок ал аткарылбай жатыптыр.
Мен Бишкекте бир кесиптешимдин тоюна бардым, түнкү саат 12ге чейин болду. Жалал-Абаддагы тойго барсам да, алардын тою түнкү саат 11ге чейин уланды. Эч ким аларга эч нерсе деген жок. Демек, токтом аткарылбай жатат",- деди Ташиев.
Анын айтымында, токтомду шаар мэрлери, акимдер, губернаторлор жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аткарышы керек.
"Токтомдо алардын милдеттери экени жазылган болчу. Мен аларга сөзүм менен дагы тапшырма берип кетейин. Урматтуу жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери! Бүгүн, 13-ноябрдан баштап өлкөнүн бардык аймагында кечки саат 10дон кийин той, оюн-зооктор болбошу керек, кафе-ресторандар ишин токтотушу зарыл. Эгер тартипке баш ийбесе, электр жарыгын өчүрүп койгула",- деди ал.
Ошондой эле Ташиев кечки саат 10дон кийин той болуп жатканын мэр, аким же губернатор билбей калса, жоопко тартыла турганын айтты.
Ташиев тойлордун убактысы тууралуу эскертүү берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















