"Мен азыр бактылуу жашап жатам". Куудул Тынар Курбаналиев 48 жашка толду
Бүгүн, 13-ноябрь белгилүү куудул Тынар Курбаналиев 48 жаш курагын белгилейт. Учурда туулган күндүк куттуктоолорду кабыл алып жаткан кези. SUPER.KG порталы да куудул мырзаны куттуктагандардын катарын толуктап, байланышка чыктык.
- Саламатсызбы, Тынар мырза! Өздүк майрамыңыз кут болсун! Бүгүн сизди эң биринчи ким куттуктады?
- Саламатсызбы! Чоң рахмат! Мен иштерим менен Жалал-Абадга келген болчумун, бир тууган эжемдин үйүндө коноктомун. Ошон үчүн биринчилерден болуп эжем неберелери менен куттукташты. Андан кийин үй-бүлөм, балдарым, достор куттукташты.

- Буга чейин алган туулган күндүк белектердин арасынан эсте калганы, эң өзгөчөсү эмне жана ким берди эле?
- Мен негизи ар бир белекке өзгөчө маани берем. Бирок аябай кубандырганы, күтүүсүз болгону - ат болду. Өзүм жылкыны аябай жакшы көрөм, кызыгып, түрлөрү боюнча маалымат алып турам. Анан көптөн бери "ушул ат сонун экен" деп бир атты байкап жүргөм. Былтыркы туулган күнүмдө Манап деген байкем ошол атты белекке берди. Кубанычым койнума батпай, бир жагынан күтүүсүз, бир жагынан аябай жагымдуу болду.
- Эң сонун! Эми эсте калган туулган күнүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
- Кайсы жылы экени так эсимде жок. Жумуштан чыкканымда досторум чакырышкан. Аларга "кете берейинчи" деп туура үйгө жол тарткам. Келсем, үйдө свет жок экен, бирок үй жарык болчу. Анткени үйдө апам бар эле, үй эле эмес, бүт дүйнө жарык болчу мен үчүн. Апамдын көзүү тирүү кези эле, менин жакшы көргөн тамагым - "нан палоону" даярдап күтүп алган. Туулган күнүмдү апам экөөбүз эле белгилегенбиз. Көпкө сүйлөшүп, сырдашып, сонун убакыт өткөргөнбүз. Өзгөчө тоскон туулган күн дегенде ошол күн эсиме келе берет.
- А бүгүнкү күндү кимдердин курчоосунда белгилейсиз?
- Азыр болсо менин бир аз иштерим чыгып жатат. Эгер кечке чейин бардык иштеримди бүтүрүп жетишсем, бул жактагы досторум, классташтарым менен белгилейин деп турам.
- Өздүк майрамды белгилөө боюнча адамдар экиге бөлүнөт. Айрымдары жашоого келген күнүм деп кубанышса, кээ бирлери белгилегенди жактырышпайт. Сиз кайсынысына киресиз?
- Ушул сөздү туура айттыңыз. Мен да дос-тааныштардын туулган күнүндө куттуктоо айтып жатып ушуну эске салып турам. Туулган күн деп сүйүнгөнүбүз менен ар бир жылы өмүрүбүздүн кыскарып жатканын, акыретке жакындап жатканыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Ушул жашка жеткениме, ушул күндөрдү көрүп жатканыма аябай ыраазымын, чексиз шүгүрлөр болсун.

- Туулган күндү көпчүлүк саресеп салчу күн деп коюшат го. Сиз да саресеп салып турасызбы? Кичинеңиздеги кайсы кыялдарыңыз орундалды?
- Жакшы суроо болду. Мен ушул күнү эле эмес, күн сайын саресеп салып турам. Кичинекей кезимдеги, өспүрүм, жеткинчек кезимдеги бардык кыялдарымды орундата алдым, мен азыр бактылуу жашап жатам деп айта алам, шүгүр. Анткени кайсы бир убактарда эңсеген, кыялдангандарым орундалды. Эң негизгиси үй-бүлөм, балдарым, жакындарым аман, өзүмдүн да ден соолугум чың.
- Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, чыгармачылыкта жаңылыктарыңыз барбы? Жакын арада Бишкекте концерт бересизби?
- Ооба, январь айында буюрса Бишкек, Ош, Жалал-Абадга "Снос" аталышында концерт берейин деп жатам, учурда кызуу даярдык жүрүп жатат.

- Күйөрмандарыңызды сүйүндүрчү жакшы жаңылыгыңыз бар экен. Сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз, убакыт бөлүп маек бергениңизге ыраазычылык билдиребиз.
Эске салсак, Тынар Курбаналиев 1977-жылы 13-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын кичүүсү.

Алгач Жалал-Абаддагы Барпы атындагы театрда музыкалык аппарат коюучу болуп иштеп, кийинчерээк актёр катары да өзүн сынаган. Бара-бара куудулдук өнөрү ачылып, Рахман Разыков жетектеген "Бешилик" куудулдар тобуна кирет. Бир нече жыл топто эмгектен соң өз алдынча куудул катары чыгармачылыгын уланткан. Учурда кыргызга аттын кашкасындай таанымал куудул.

13-ноябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















