super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камчыбек Ташиев: "Мектептерде электр жарыгы саат жетиге чейин өчүрүлбөсүн" (видео)

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мектептердеги электр жарыгы кечки саат жетиге чейин өчүрүлбөшү керектигин билдирди. Бул тууралуу Ташиев Регион телеканалына маек берип жатып айтты.

Атайын кызматтын төрагасынын айтымында, мектептердеги жарык кечки саат алтыдан кийин өчүрүлгөндүктөн, окуучулардын үйлөрүнө кетүүсүндө кыйынчылыктар жаралып жатат.

"Кээ бир мектептердеги электр жарыгын кечки саат 6дан кийин өчүрүп коюп жатыпсыңар, бул туура эмес. Башка жакта өчүрсөңөр дагы, мектепти кечки саат 7ге чейин өчүрбөгүлө. Себеби балдар мектептен тарайт. Жарык жок балдар кыйналып жатышат.

Энергетика министри менен сүйлөштүм, 2026-жылдын март айынын аягына чейин бир дагы майнинг-фермалар иштебейт. Баш ийбесеңер катуу жазага тартыласыңар!

Бардык мамлекеттик органдар саат 6дан кийин мекеме-ишканалардын толук бойдон электр энергиясын өчүргүлө. Кээ бир министрликтерде түнү менен кондиционер иштеп турат. Эртең менен жумушка келгенде жылуу болсун деп. Эч нерсе болбойт эртең менен жумушка келгенден кийин кабинетиңер ысыса. Эми кээ бир мекемелер бар, ал жакта өчүрүлбөйт.

Энергияны үнөмдөп пайдаланалы. Туура, быйыл суубуз аз, электр энергиясын өндүрүү азайды. Ошондой болсо дагы, буюрса, элибизди камсыздап, быйыл чыгып кетебиз.

Бузукуларга табылбай эле калды.1-2 саат оңдоп-түзөөгө электр жарыгы өчүрүлүп калса, дароо тартып интернетке чыгарышат. Бир дагы жерде атайылап өчүрүлбөйт. Энергетиктерге дагы эскертип айтып коёюн, электр жарыгын эч жерде өчүрбөгүлө. Кабыл алынган режимдин негизинде гана иштегиле”,- деди ал.






Камчыбек Ташиев: Мектептердеги светти кечки саат 7ге чейин өчүрбөгүлө! 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: