super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстандын бийлиги Орусиядан Екатерина Биволду экстрадициялоону суранды

 

Казакстандын Ички иштер министрлиги мушкер Дмитрий Биволдун жубайы Екатерина Биволду издөө боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов Екатерина Биволго карата кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөгө алынганын билдирген.

"Учурда тергөө иштери уланууда. Биз Орусиянын полициясы менен байланышып жатабыз. Эгер ал кармалса, Башкы прокуратура аркылуу экстрадиция маселесин көтөрөбүз",- деген Адилов.

Буга чейин 31-октябрда Казакстандын Ички иштер министрлиги Екатерина Биволго карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Екатерина Биволго Кыргызстан боюнча да издөө жарыяланып, ага карата 330-берене "Расалык, этникалык, улуттук же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, интернет тармагында мушкер Дмитрий Биволдун мурунку аялы Екатерина Биволдун ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: