Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунда эки унаа сүзүшүп, бир жаран каза болду (видео)
Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык 11-ноябрда Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунда болгон. Чыгышты көздөй бара жаткан BMW X5 унаасынын айдоочусу ашып өтүүгө аракет кылып каршы тилкеге чыгып, каршы тарапта келе жаткан Mercedes-Benz унаасы менен кагылышкан. Кагылышуунун натыйжасында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу, Жети-Өгүз районунун 1998-жылы туулган тургуну окуя болгон жерде каза болгон.
Кырсык Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгынын кылмыштарды жана жоруктарды каттоо журналына катталган. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда эки унаа кагышып, бир жаран каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















