super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президент Таластагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды (фото)

 

Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын башында конокторго балдарга арналган борбордун эскиздик долбоору көрсөтүлгөн видеоролик тартууланды. Ал 6,5 гектар аянтка жайгашат. Объектти 2026-жылы пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттин башкы максаты ар бир балага татыктуу балалык тартуулоо экенин өзгөчө белгиледи. Балдар бейкапар ойноп, ээн-эркин өскөн чөйрөдө гана өз алдынча ой жүгүртүүсү калыптанып, акыл-эси, руханий дүйнөсү, чыгармачылыгы жакшы өнүгөт.

“Ошондуктан бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат”,- деди президент.

“Баластан” борборунда аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулмакчы. Объекттин курулушу 200дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзөт.

Президент адатта өлкө борборуна же чоң-чоң шаарлардын инфратүзүмүнө басым жасаларын белгиледи. Бирок учурда мамлекет ар бир аймакта өнүгүүнү камсыз кылууга далалат кылып келет.

“Бардык облустарыбыздын, шаарларыбыздын дагы инфратүзүмү тегиз, ийгиликтүү өнүксө дейбиз”,- деген Садыр Жапаров азыркы тапта Таласта ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлорду белгиледи.

Анын ичинде “Манас-Ордо” тарыхый-маданий комплексин реконструкциялоо, шаардын борбордук паркын, аллеяларды жаңылоо, 5500 орундуу борбордук стадионду куруу жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салына турган көп кабаттуу үйлөр бар.

“Мына ошолордун ичинде, тагыраак айтканда, Талас шаарындагы өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун башаты катары “Баластан” оюн-зоок борборун куруу турат. Муну аймактарды өнүктүрүү саясатынын айкын далили десем да болот”,- деп баса белгиледи президент.

Бул контекстте ал тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сапатка, коопсуздукка жана балдардын кызыгуусуна жооп берген жогорку деңгээлде курулуш жүргүзүүгө чакырды.

Андан соң мамлекет башчысы заманбап "Баластан" балдар борборунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Садыр Жапаров ошондой эле жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алар социалдык маанилүү темаларды, анын ичинде жолдорду куруу жана айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Алар аймакка көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүп жана маанилүү демилгелер ишке ашырылып жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: