super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Германиянын соту OpenAI компаниясын компенсация төлөөгө милдеттендирди

 

Германиядагы сот OpenAI компаниясы музыкалык чыгармаларды укук ээлеринен уруксатсыз колдонгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, GEMA уюмунун доо арызынын негизинде сот компаниянын Германиянын автордук укук мыйзамдарын бузганын аныктап, компенсация төлөөгө милдеттендирди. Төлөнө турган сумма ачык айтылган жок.

Музыкалык укуктарды башкарган GEMA уюмунун башкы директору Тобиас Хольцмюллер бул чечимди "Европадагы чыгармачыл адамдардын укуктарын коргоого байланышкан алгачкы маанилүү чечим" деп атады. Анын айтымында, бул сот чечими жазуучулар менен композиторлордун укуктарын коргоо жаатында үлгү болуп, ChatGPT сыяктуу жасалма интеллект куралдары да автордук мыйзамдарды сактоого тийиш экенин көрсөттү.

OpenAI өз кезегинде бул чечимге макул эместигин билдирип, кийинки кадамдарды караштырып жатканын маалымдады. Компания буга чейин да ушуга окшош негиздер менен бир нече чыгармачыл уюмдар жана медиа компаниялары тарабынан сотко берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: