Макрон келечекте согуштар космосто боло турганын билдирди
Келечекте согуштар космосто болот. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон Тулуз шаарындагы Улуттук космостук жана авиациялык борбордо сүйлөп жатып айтты. Ал жерде Франциянын аскердик космос күчтөрүнүн жаңы башкаруу борбору жайгашканын Barron’s гезити жазды.
"Бүгүнкү согуш буга чейин эле космосто жүрүп жаткан, ал эми эртеңки согуш да ошол жакта башталат. Космос эми башпаанек эмес, ал согуш талаасына айланды",- деп билдирди Макрон.
Саясатчы ошондой эле Орусияны Украинадагы согуш башталгандан кийин космосто “тыңчылык аракеттерин” жүргүзө баштаган деп айыптады.
Анын айтымында, Орусия спутниктери француз космос аппараттарын байкап турушкан.
Макрон GPS системине тоскоолдук жаратканы жана Франциянын инфраструктурасына киберчабуулдар жасалганы тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















