super.kg logo

Талас облусунда мас абалындагы айдоочу мектеп окуучуларын сүзүп кетти

 
Талас облусунун Манас районундагы жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жана  тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 20-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Буга чейин 15-январда Кербен–Май–Талас унаа жолундагы жол кырсыгынан мектеп окуучулары жаракат алганы айтылган. Саат 17:30дар чамасында 35 жаштагы Манас районунун тургуну К.У. Мерседес-Бенц 230 унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай калган. Жолдон чыгып кеткен унаа мектеп окуучуларын сүзгөн. Текшерүүдө айдоочунун мас абалында болгону аныкталган. 
Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы 4 мектеп окуучусу ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген. Жабыр тарткандардын ата-энелери жергиликтүү РИИБине арыз менен кайрыла элек. Азыркы тапта окуя боюнча кылмыш ишин ачуу каралууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: