Казакстан анонимдүү Telegram каналдарга жана сөгүнүү постторуна каршы чара көрөт
Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева анонимдүү Telegram каналдарга жана социалдык тармактардагы сөгүнүү көрүнүштөрүнө каршы чара көрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, мындай каналдар жалган маалыматтардын жана коомдук пикирди манипуляциялоонун негизги булагына айланып, коомдук коопсуздукка коркунуч жаратууда.
Министрлик учурда анонимдүү аккаунттарды аныктоо жана бөгөттөө боюнча техникалык механизмдерди иштеп чыгууда. Эгер Telegram каналдын 10 миңден ашык жазылуучусу болуп, бирок ээси тууралуу маалымат бербесе, административдик айып салуу каралууда. Ошондой эле социалдык тармактарда сөгүнгөн же адамды кемсинткен колдонуучуларга 80 айлык эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул салуу сунушталууда.
Балаева кошумчалагандай, мыйзам долбоорунда 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарда каттоого тыюу салуу, онлайн-платформаларга лицензия талап кылуу жана мыйзамсыз жарнамаларды токтотуу чаралары да бар. Министр бул кадамдар Казакстандын маалымат мейкиндигинде коопсуздукту жана этикалык маданиятты сактоого жардам берерин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















