Балдарга кошумча билим берүү боюнча мыкты педагогдор аныкталууда (фото)
Бүгүн, 13-ноябрда агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов “Өнүгүүгө чыгармачылык менен” аттуу балдарга кошумча билим берүүнүн мыкты педагогу республикалык кесиптик чеберчилик сынагынын финалдык этабынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Альберт Махметкулов өз сөзүндө аталган сынак кошумча билим берүү тармагындагы чыгармачыл, таланттуу мугалимдердин, устаттардын жана адистердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чара экенин белгиледи.
“Ар бириңердин эмгегиңер балдардын чыгармачылыгын ачып, өлкөбүздүн интеллектуалдык жана маданий келечегин калыптандырууга чоң салым кошот”,- деди ал.
Финалдык этапта облустук деңгээлде жеңүүчү болгон тогуз катышуучу балдар менен үлгүлүү сабактарды көрсөтүп, “Педагогикалык таймаш” аттуу жеке сыноолордон өтүшөт. Ошондой эле өздөрүнүн ийримдери жана студиялары боюнча видео-презентацияларды сунушташат.
Мекемеден билдиришкендей, сынактын негизги максаты - педагогдордун кесиптик жана чыгармачылык потенциалын колдоо, алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүү жана шыктануу үчүн аянтча түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, сынактын жеңүүчүлөрү 14-ноябрда жарыяланып, Агартуу министрлигинин сыйлыктары, дипломдор жана белектер тапшырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















