Михаил Саакашвили ооруканада дарылангандан кийин кайра түрмөгө кайтарылды
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Тбилисидеги ооруканадан чыгарылып, кайра абакка киргизилди. Бул тууралуу Грузиянын Жаза аткаруу кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Саакашвилинин саламаттыгы канааттандырарлык абалда болгондуктан, ал мындан ары жаткырып дарылоого муктаж эмес. Грузиянын экс-президенти азыр жазасын жалпы шарттарда өтөп жатат.
Саакашвили 2021-жылы кармалып, бир нече кылмыш иши боюнча, анын ичинде мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү айыптары менен жалпы 12,5 жылга эркинен ажыратылган.
2022-жылы ооруканага дарыланууга жайгаштырылган. Ал эми 2025-жылдын ноябрында прокуратура ага жана бир нече оппозиция лидерлерине “бийликти кулатууга чакырык жасаган” деген негизде жаңы иш козгогон. Ошондой эле бийлик анын негиздеген “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясын Конституцияга каршы деп табууну көздөөдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















