Евро-2028 футбол чемпиондугунун финалы "Wembley" стадионунда өтөт
2028-жылдагы Европа футбол чемпиондугунун финалы Лондондогу "Wembley" стадионунда өтөт. Бул тууралуу Европа футбол ассоциацияларынын союзу маалымдады.
Финалдык беттеш 9-июлда өтөт. Ошондой эле "Wembley" стадионунда чейрек финалдын жана жарым финалдын эки оюну өткөрүлөт. Стадион 90 миңдей адамды кабыл ала алат. Бул стадиондо буга чейин да Европа чемпиондугунун финалы өткөн. 2021-жылы Италия курама командасы пенальти сериясында Англия командасын жеңген.
2028-жылдагы Европа чемпиондугу Англия, Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландияда өтөт. Турнирге 24 команда катышат. Ачылыш оюндары Кардиффтеги "Principality" стадионунда өткөрүлөт. Чемпиондук 2028-жылы 9-июнда башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















