Астанада Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны болду
Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жыйын Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өттү.
Жолугушууда эки мамлекеттин президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин буга чейинки жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын жыйынтыгында кол коюлган маанилүү документтер, анын ичинде 2025–2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү планды жана 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасын ишке ашыруу сүйлөштү.
Тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















