super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ош шаарында электр энергиясын үнөмдөө боюнча чаралар көрүлөт

 
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жетекчилиги астында тиешелүү шаардык кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Жыйында кышкы мезгилге карата электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу маселеси талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен Ош шаары белгиленген лимиттен 112 миллион киловатт-саат көп электр энергиясын колдонгон. Кышкы мезгилде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү жана ашыкча жүктөмдүн алдын алуу максатында бир катар чечимдер кабыл алынды:
1. Мектептерде электр энергиясы кечки саат 19:00гө чейин өчүрүлбөсүн, өзгөчө эки нөөмөт менен иштеген билим берүү мекемелеринде.
2. Бардык мекеме жана ишканаларда электр энергиясы кечки саат 18:00дөн кийин толугу менен өчүрүлсүн - лампочкадан тартып кондиционерге чейин.
3. Укук коргоо органдары менен саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясы өчүрүлбөйт, бирок үнөмдөө режими сакталсын, ашыкча керектөөлөрдү текшерүү жана көзөмөлдөө камсыздалсын.
4. Аймагы чоң мекеме жана ишканаларда коопсуздукту камсыздоо максатында бир кароолдун ордуна эки кароол коюу, ошондой эле альтернативдүү кайтаруу ыкмаларын караштыруу сунушталды.
Бүгүнтөн тарта Ош шаарынын аймагындагы кафе-ресторан, тойкана, түнкү клубдарга рейд жүргүзүлөт. Андыктан бизнес ээлерин “Тынчтык жөнүндө” мыйзамды сактоого жана электр жарыгын үнөмдөөгө чакырабыз.
Жыйында эттин жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча зарыл чараларды күчөтүү тапшырмасы да коюлду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: