Манаста №14 откана пропан менен иштөөгө өткөрүлдү. Ал каражатты эки эсеге чейин үнөмдөйт
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков пропан газы менен (суюлтулган газ) иштөөгө өткөрүлгөн Спутник кичи шаарчасындагы №14 отканага барды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Шаар башчысы пропан газы менен иштеп жаткан откананын ишмердүүлүгү менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге шаардагы башка отканаларды, жаңы курулуп жаткан объектилерди жылытууну пропанга өткөрүү жагын карап чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле имараттарды пропан менен жылытуу экологиялык жактан гана пайдалуу болбостон электр энергиясын, акча каражатын да үнөмдөөгө чоң салым кошо тургандыгын белгиледи.
Учурда №14 откана 10 көп кабаттуу үйдү, бир бала бакчаны жана бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жылуулук менен камсыздап жатат. Адистер аталган откана өткөн жылы мазут жана жаратылыш газы менен иштеп (жаратылыш газы күн суук мезгилдерде тартыш болуп өчүрүлөт), ага 9 миллион сомдой каражат сарпталганын, ал эми быйыл пропан менен бул каражат эки эсеге чейин кыскарып, 4,5 миллион сом сарпталышы пландалып жатканын айтышууда.
Белгилей кетсек, пропан менен иштөөчү откана Кыргызстанда алгачкылардан болуп Манас шаарында ишке киргизилди. Алдыда бул технологияны өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















