super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Өлкө башчы Таластагы борбордук парктын курулушунун жүрүшү менен таанышты (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 13-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Талас шаарындагы борбордук парктын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына жаңыланган шаардык парктын эскизи көрсөтүлгөн. Анын жалпы аянты дээрлик 5 гектарды түзөт.

"Эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аттракциондор орнотулуп, аймак көрктөндүрүлөт. Паркты реконструкциялоо 17 жылдан бери жүргүзүлгөн эмес, ал эми аттракциондор эскиргендиктен 2008-жылы эле иштебей калган", - деп жазылган маалыматта.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталганын белгилеген.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Нуржанов атындагы аллеяны реконструкциялоо долбоору менен таанышкан. Аталган аллеяда дүкөндөр, китепкана, эс алуу жайлары, спорттук аянтчалар, фонтандар болот. Ошондой эле аллеяга белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган экспонаттар коюлары жана реконструкциялоону кийинки жылдын июль айында аяктоо пландалып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: