"Мени алып качып кетишти..." Ырчы Айганыш Абдиева турмуш жолуна аттанды
Белгилүү эстрада ырчысы Айганыш Абдиева турмуш жолуна аттанды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 13-ноябрда Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирди. Аны кечээ Аксыга тойго буйрутма бар экендигин айтып алып барышкан.
"Мен Аксыга жол тартып, жаштардын тоюна жетишип, жар-жар ырдап берейин деп шашып баратканда күтүлбөгөн окуя болду. Тойго чакыруу жок эле, бирок кимдир бирөө өз тоюн уюштуруптур. Мени туугандары көчөдө күтүп турушкан экен. Мени алып качышты. Нес абалындамын десем да аз болот. Мындайды мен мурда болгону кинолордон гана көрчү элем, бирок жашоом көз ачып-жумганча 180 градуска өзгөрүп кетти. Азырынча болгону ушул. Өзүмө келе элекмин бул күтүлбөгөн сюрпризден. Пландалган нерсем болбой калды, бирок түшүндүм — менин планымдан Кудайдын планы жогору экен. Ошондуктан Кудайдын буйругун кабыл алдым", - деп жазды Айганыш Абдиева.
Ырчы айым жолдошунун атын азырынча ачыктай элек. Буга чейин ал бирге ырдап жүргөн ырчы мырза Зарлык Камбаралиев жана кесиптештери менен Аксыга тойго бара жаткандыгын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















