super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Франциянын сот органдары Павел Дуровго өлкөдөн чыгууга уруксат беришти

 

Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровдун чет өлкөгө чыгышына тыюу салган жана аны Ницца шаарындагы полиция бөлүмүнө үзгүлтүксүз катталып турууга милдеттендирген чектөө алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Франциянын сот органдарына шилтеме берип жазышууда.

Ал сот көзөмөлүнүн алгачкы жеңилдигин быйыл июнь айында алган. Ошол учурда ага жашаган жери болгон Дубайга убактылуу барууга уруксат берилген, бирок ал ар 14 күн сайын Францияга кайтып келип, тергөөчүлөрдү кабардар кылууга милдеттүү болгон.

Сот булактарынын маалыматына караганда, өткөн жыл ичинде 41 жаштагы ишкер сот көзөмөлүнүн бардык шарттарын так аткарган. Дуров үч жолу суракка алынган. Анын адвокаттары бул жагдай боюнча комментарий берүүдөн баш тартканын AFP агенттиги жазды.

Эске салсак, Павел Дуров 2021-жылы Франциянын жарандыгын алган. Ал 2024-жылдын август айынын аягында Ле-Бурже аэропортуна конгондо камакка алынган. Француз бийлиги аны уюшкан кылмыштуулук менен байланышкан бир катар берене боюнча айыптап, Telegram платформасында кылмыштуу мүнөздөгү контенттин жайылышына каршы чара көрбөгөн деп күнөөлөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: