Түркиянын Коргоо министрлиги Грузияда кырсыктаган учагы боюнча жаңы жагдайларды билдирди
Грузияда кыйраган түрк аскердик учагынын бортунда ок-дары же курал болгон эмес. Учакта аскер кызматкерлери, техникалык жабдуулар жана запастык тетиктер гана болгон. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Министрликтин маалыматына караганда, кырсыктын так себеби азырынча аныктала элек. Ошондой эле алар учак “эски” же “техникалык жактан начар абалда болгон” деген билдирүүлөрдү четке какты. Маалыматта айтылгандай, бул C-130 үлгүсүндөгү аскердик-транспорттук учак 2012-жылы Сауд Арабиясынан алынган, 2014-жылы кызматка киргизилген жана 2022-жылы модернизациядан кийин кайра пайдаланууга берилген.
Окуя кечээ Грузия менен Азербайжандын чек арасына жакын жерде болгон. Кырсыктын кесепетинен 20 түрк аскери каза тапты.
Бул факты боюнча аба транспорту коопсуздугу эрежелерин бузуу жана адамдын өлүмүнө алып келүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Түркиянын C-130 үлгүсүндөгү бардык учактарынын каттамдары убактылуу токтотулду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















