Хорватияда Түркиянын өрт өчүрүүчү учагы кулап түштү
Хорватияда Түркиянын өрт өчүрүүчү учагы кулап түштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Түркиянын токой чарбасына таандык учак Загреб аэропортун көздөй бара жаткан. Учактын калдыктары Хорватиянын Сенж шаарына жакын жерде табылган. Ал эми Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы кечээ, 13-ноябрда Хорватияда өрт өчүрүүчү учак кулаганын жана анын сыныктары табылганын билдирген.
"Хорватияда Сенж шаарына жакын жерде радио байланышы үзүлгөн токой чарба башкы башкармалыгына таандык өрт өчүрүүчү учактын калдыктары табылды. Бул каргашалуу кырсыкта каза болгон учкучубуздун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам",- деген министр.
Белгилей кетсек, бул акыркы жума ичинде түрк учактары катышкан экинчи аба кырсыгы. Буга чейин 11-ноябрда Азербайжандан Түркияга учуп бараткан Түркиянын аскердик учагы Грузиянын чыгышында кулап түшкөн. Кырсыктан жыйырма аскер кызматкери каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















