super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Титаник" кырсыгынан калган алтын чөнтөк сааты аукционго коюлду

 

"Титаник" кырсыгында каза болгон эң бай жүргүнчүлөрдүн бири Исидор Штрауска таандык 18 караттык алтын чөнтөк сааты 22-ноябрда өтө турган аукциондо 1 миллион фунтка (1 310 000 доллар) чейин сатылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Штраус жана жубайы Айда 1912-жылы айсбергге урунуп чөккөн кемеде 1500дөн ашык адам менен кошо көз жумган. Анын сөөгү кырсыктан күндөр өткөн соң табылып, чөнтөгүнөн Jules Jurgensen сааты чыккан.

Аукцион үйү Henry Aldridge & Son саатты "өзгөчө тарыхый эстелик" деп мүнөздөп, чоң кызыгуу жаратып жатканын билдирди. Саат "Титаник" кемеси чөгүп кеткен убакыт - 02:20да токтоп калган абалда табылганы белгиленди. Аукциондо саат менен кошо Айда Штраус кемеде жазган сейрек кат да сатылып, анын 150 миң фунтка (197 000 доллар) бааланышы күтүлүүдө.

Эксперттер бул саат "Титаник" кырсыгына байланыштуу эң баалуу эстеликтердин бири болушу мүмкүн экенин айтышууда. Эске салсак, өткөн жылы Carpathia куткаруу кемесинин капитанына таандык алтын саат 1,56 миллион фунтка (2,07 миллион доллар) сатылып, рекорд койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: