Кыргыздын меймандостугун көрсөтүп. Япониялык турист кыргыз элине ыраазы болду (видео)
Кыргызстандык үй-бүлө Япониядан келип, чатырда жашап жаткан туристти үйүнө конокко чакырганы тартылган видео социалдык тармакта тарады.
Маалыматка ылайык, ал 21 жашта. Аты Икума, ал студент. Икума 1 жылдык академиялык нөөмөт алып, түрдүү өлкөлөргө барып маданияты, тарыхы менен таанышып жүргөн. Ал үйгө конок болуп 3 күн калган. Тамак жасаганга жардам берип, "Дордой" базарын кыдырып, велосипед тээп кооз жерлерди көргөнгө жетишкен.
Автордун айтымында, өзү тамак жасаганга кызыгып, жардам берген. "Дордойдо" кыргыз жигиттери ага карышкырдын терисинен жасалган баш кийим белекке беришкен.
Икума кыргыз элине ыраазычылык билдирип, андан ары башка өлкөлөрдү көргөнү велосипеди менен сапар алган.
Видео: kyrgyz_derevnya
"Кыргыздын меймандостугу". Япониялык турист кыргыз элине ыраазы болду
Япониялык турист кыргыз элине ыраазы болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















