BBC Трамптан кечирим сурап, бирок компенсация төлөөдөн баш тартты
Британиянын BBC телерадиокорпорациясы АКШнын президенти Дональд Трамптан расмий түрдө кечирим сурады, бирок анын компенсация төлөө талабын четке какты.
Маалым болгондой, окуя былтыркы "Панорама" программасынын чыгышы менен байланыштуу. Анда монтаж учурунда Трамптын 2021-жылдын 6-январындагы сүйлөгөн сөзүндөгү эки бөлөк фраза бириктирилип, ал өз тарапташтарын түздөн-түз Капитолийди басып алууга чакыргандай таасир калтырган.
"Биз Капитолийге барабыз, мен силер менен болом, жана биз күрөшөбүз. Биз акырына чейин күрөшөбүз",- деген Трамп монтаждалган видеодо. Ал эми чыныгы сүйлөгөн сөзүндө бул фразалардын ортосунда бир сааттык аралык болгон. Программа АКШдагы шайлоого бир жума калганда эфирге чыккан.
BBC телерадиокорпорациясынын төрагасы Самир Шах монтаж зордук-зомбулукка түз чакырык жасалгандай таасир калтырганын айтып, Ак үйгө жеке кат жөнөткөнүн билдирди. Корпорация 2024-жылы чыккан бул программаны кайра көрсөтпөй турганын да маалымдады. Бул жаңжалдын айынан башкы директор Тим Дэви менен жаңылыктар бөлүмүнүн жетекчиси Дебора Тернесс кызматтан кеткен.
Трамптын жактоочулары эгер корпорация ал видеонун жалган экени тууралуу маалымат жарыялабаса жана компенсация төлөөнү аткарбаса, BBC'ни 1 миллиард долларлык доо менен сотко берерин эскертишти.
"Видео кантип монтаждалганына BBC чын дилден өкүнөт, бирок бул маселе боюнча жалаа жабуу тууралуу сотко доо коюуга негиз бар деген пикирге биз такыр макул эмеспиз",- деп жазылган BBC'нин материалында.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















