Саакашвили Зеленскийден туткундарды алмаштыруу аркылуу аны Украинага алууну өтүндү
Грузиянын үчүнчү президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору, учурда Грузиядагы абакта жаткан Михаил Саакашвили Украина президенти Владимир Зеленскийге кайрылып, аны аскер туткундарынын тизмесине киргизүүнү өтүндү.
13-ноябрда Фейсбукка жарыяланган украин тилиндеги кайрылуусунда: "Менин куугунтукталышым жана тагдырым түздөн-түз согуш менен байланыштуу экени айкын",- деп билдирди ал.
Саакашвили өзү Украинанын жараны жана Зеленскийдин жетекчилиги алдында иштеген Улуттук реформалар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы экенин белгиледи.
"2019-жылы менден мыйзамсыз алынган Украина жарандыгын кайтарып бергендигиңиз сыяктуу эле, мени, Одесса облусунун мурдагы губернаторун, Улуттук реформалар кеңешинин аткаруу комитетинин башчысын, ушул согуштун жарандык туткундар тизмесине тиешелүү юридикалык кесепеттери менен кошо киргизип коюуңузду суранам. Украиналыктар өз адамдарын таштабай турганын билем жана сизге ишенем",- деди Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Зеленскийге мындай кайрылуусун 12-ноябрда аны ооруканада кармалган жеринен кайра түрмөгө которушкан күнү жарыялады.
Михаил Саакашвили 2021-жылдын октябрынан бери камакта. Ал Грузияга кайтып келгенден көп өтпөй эле камакка алынган. Абакта анын ден соолугу кыйла начарлаганы белгилүү. 2022-жылдын май айынан бери ал Тбилисидеги "Вивамед" клиникасында дарыланып жаткан.
"Эхо Кавказа" жазгандай, Саакашвилиге чыккан бардык өкүмдөрдү эске алганда, ал жалпы 12 жарым жыл, тагыраагы, 2034-жылдын 1-апрелине чейин абакта болот.
Украина бийлиги Саакашвилини дарылануу үчүн Киевге өткөрүп берүүнү билдирип келүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















