Америкалык учкуч этке аллергия болуп каза болгон биринчи адам болду
АКШнын Нью-Жерси авиакомпаниясынын учкучу этке болгон аллергиядан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, АКШнын жергиликтүү медициналык басылмасы аллергия кене чаккандан улам пайда болгонун жазган.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, 47 жаштагы киши өткөн жылдын сентябрь айында тез татымдан тамактанып, төрт сааттан кийин ооруп калган. Ошол күнү кечинде эс-учун жоготуп каза тапкан. Экспертиза анын өлүмү күтүүсүз жана түшүнүксүз болгонун аныктаган.
Кийин кайрадан изилдөөлөр жүрүп, кандан альфа-гал деп аталган кант антителолору табылган. Аталган антителолор уйлардын, бугулардын, эчкилердин жана чочколордун канында болот. Жаныбарларды кене чакканда аларда пайда болуп, эти аркылуу адамга жугушу мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















