Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарында пара алуу фактысы боюнча үч кызматкер кармалды
Кечээ, 13-ноябрда Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосу менен Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Кабарлангандай, алар Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) жана 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынды.
Тергөө органдары кызматкерлердин пара алуу схемаларына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө амалдарын улантышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















