Унаа токтотуучу жайлар бакка айланып... Японияда абанын булганышын азайтуу ыкмасы ишке кирди
Японияда унаа токтотуучу жайларды жашыл аймакка айландыруу боюнча инновациялык экологиялык долбоор башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, өлкө айрым унаа токтотуучу жайларды гүлдөр жана лиана өсүмдүктөрү менен капталган бакка айлантып, кичи-парк форматына өткөрүүдө. Жаңы систем абанын булганышын азайтууга, ысып кеткен шаар чөйрөсүн муздатууга жана экологиялык балансты жакшыртууга багытталган.
Адистердин айтымында, бул бакка айланган унаа токтотуучу жайлар көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтек бөлүп чыгарат жана унаалардын ысып кетишин да бир топ төмөндөтөт. Мындан сырткары, шаар көркүнө эстетикалык баалуулук кошуп, туристтердин кызыгуусун да арттырууда.
Экологиялык долбоор коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, Япония дагы бир жолу инновация менен экологияны айкалыштырууда дүйнөгө үлгү болуп жатканын эксперттер белгилешет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















