Кыргызстанда Болливуд кинофестивалы өтөт
Маданият министрлиги Болливуд кинофестивалы 21-24-ноябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Кинематография департаменти уюштуруп жатат.
Фестивалдын ачылышы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот. Ачылыш программасында "Каухар" улуттук бий ансамбли менен "Таберик" балдардын музыкалык театрынын өнөр тартуулоосу жана "Дангал" фильминин көрсөтүүсү пландалган.
Фестивалдын программасындагы көрсөтүүлөр:
- 22-ноябрь - "Уурдалбаган келин" тасмасы;
- 23-ноябрь - "Инглиш Винглиш" тасмасы;
- 24-ноябрь - "Жашоонун кызыксыз болуусу мүмкүн эмес" тасмасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















