Түркия Грузиядагы кырсыкты иликтөө учурунда C-130 учактарынын учууларын убактылуу токтотту
Түркия Грузия менен Азербайжандын чек арасына жакын жерде C-130 учагы кыйраганына байланыштуу бардык C-130 учактарынын учууларын кырсыктын кесепети толук аныкталганга чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги билдирди.
"Бардык кеңири техникалык байкоолор жана текшерүүлөр аяктагандан кийин гана учуулар кайра жанданат",- деп айтылат маалыматта. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, кыйраган C-130 учагында ок-дары болгон эмес. Учакта учактарды тейлеген кызматкерлер жана жабдыктар ташылып бараткан.
Мекеме кырсыктын себептери боюнча азырынча жыйынтык чыгарууга эрте экенин белгиледи. Karar басылмасынын маалыматы боюнча, иликтөөгө катышкан адистер техникалык мүчүлүштүк версиясын карап жатышат.
Түркия кырсыкка кабылган Lockheed C-130 Hercules учагын 2012-жылы Сауд Арабиясынан сатып алган. Учак 2022-жылы модернизацияланган. Түркиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, акыркы техникалык тейлөө 11-сентябрдан 12-октябрга чейин жүргүзүлгөнү айтылат.
C-130 11-ноябрда Грузиянын Сигнахи муниципалитетинде, Грузия–Азербайжан чек арасына жакын жерде кулаган. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















