super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусиянын бийлиги Екатерина Биволдун иши иликтенип жатканын билдирди  

 

Орусиянын Ички иштер министрлиги мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволга карата иликтөө иштери башталганын билдирди. Бул тууралуу казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Ички иштер министрлиги жана массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүү департаменти журналисттерге иликтөөнүн башталганы тууралуу маалымат берген.

"Кайрылууда көрсөтүлгөн жагдайлардын негизинде Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыК тарабынан тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдайбыз”,- деген Орусиянын ички иштер министрлигинин орун басары Евгений Артёмов.

Белгилей кетсек, 31-октябрда Казакстандын Ички иштер министрлиги Екатерина Биволго карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Екатерина Биволго Кыргызстан боюнча да издөө жарыяланып, ага карата 330-берене "Расалык, этникалык, улуттук же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу" боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин, интернет тармагында мушкер Дмитрий Биволдун мурунку аялы Екатерина Биволдун ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: