super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытайдын космостук станциясындагы тайконт тобу Жерге кайтып келди

 

Кытайдын Тиэнгун космос станциясында 6 айдан ашык кызмат өтөгөн "Шэньчжоу-20" тайконтторунун кайтуу миссиясы кемедеги зыяндын айынан кечигип, алар башка аппарат менен Жерге жеткирилди. Ал эми Чин Донг, Чин Конгруй жана Ван Сиени алып келген "Шэньчжоу-21" капсуласы Ички Монголиядагы Донфэнг аймагына конгонун Xinhua маалымат агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, алгач 5-ноябрь күнү кайтуу пландалган, бирок "Шэньчжоу-20" кемесинде космостук таштандылардын соккусунан зыян аныкталгандыктан, учуу коопсуздугу боюнча кошумча текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында тайконттор станцияга жаңы команданы жеткирген "Шэньчжоу-21" аппараты менен кайтарылган.

"Шэньчжоу-20" экипажы 24-апрелде орбитага учуп, 31-октябрда келген "Шэньчжоу-21" тобу менен орбитада кызмат алмашууну жүргүзгөн. Тиэнгун станциясында үч адамдан турган командалар 6 айлык мөөнөт менен туруктуу ротацияда иштешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: