super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эң мыкты айыл өкмөтү сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты

 
Бүгүн, 14-ноябрда 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев мамлекеттик сынактык комиссиянын курамы жана мыкты деп аныкталган айыл өкмөттөр катышты. Азем "Ынтымак Ордо" имаратында өткөрүлдү.
Бул сынактын максаты - айыл өкмөттөрүнүн калкка көрсөткөн кызматтарынын сапатын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин стимулдаштыруу болуп саналат.
Мамлекеттик сынактык комиссия 2024-жылдын жыйынтыгы менен облустардан 10 айыл өкмөтүн сунушталып, комиссия бул айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан.
Сынак үч этапта - райондук, облустук жана жалпы мамлекеттик деңгээлдерде өткөрүлүп, жыйынтыгында ар бир облустан эң жогорку упай алган айыл өкмөттөрү көрсөтүлгөн тартипте жалпы мамлекеттик комиссиянын кароосуна сунушталган.
Комиссиянын 2024-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча чечими Министрлер кабинетинин төрагасынын 2025-жылдын 21-октябрындагы № 901-т тескемеси менен бекитилген.
Анын негизинде "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына ээ болгон жана байгелүү орундарга чыккан айыл өкмөттөр төмөнкүчө аныкталган:
Биринчи топ (бийик тоолуу жана чек арадагы айыл өкмөттөр):
  • I орун – Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтү (3 000 000 сом);
  • II орун – Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү (2 000 000 сом);
  • III орун – Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтү (1 000 000 сом).
Экинчи топ (калган айыл өкмөттөр):
  • I орун – Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтү (3 000 000 сом);
  • II орун – Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтү (2 000 000 сом);
  • III орун – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү (1 000 000 сом).
Жалпы байге фонду 12 миллион сом суммасында аныкталып, бул каражат 2025-жылга республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринин эсебинен бөлүнмөкчү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана байгелерди тапшырууну уюштуруу жоопкерчилиги Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: