Петербургда мигрант айдоочулар жана курьерлер боюнча чектөө дагы бир жылга узартылышы мүмкүн
Санкт-Петербург бийлиги мигранттарга патент менен такси жана курьер кызматтарында иштөөгө салынган тыюуну 2026-жылдын аягына чейин узартууну пландап жатат. Губернатор Александр Бегловдун токтом долбоору 13-ноябрда антикоррупциялык экспертизадан өтүүгө жөнөтүлгөүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Комитетке 2026-жылдын 1-августуна чейин тыюуну 2027-жылга дагы узартуунун зарылдыгы боюнча сунуш даярдоо тапшырылды.
Мигранттардын такси кызматында иштөөсүнө чектөө июлдун аягында киргизилип, 2025-жылдын соңуна чейин деп белгиленген болчу. Бийлик бул чечимди кызмат сапатын жана коопсуздукту жогорулатуу, ошондой эле орусиялыктар үчүн жумуш орундарын көбөйтүү менен түшүндүргөн. Толук тыюу 8-ноябрдан тартып күчүнө кирген жана анын айынан айдоочулардын саны шаарда 12 пайызга кыскарганы айтылды.
Курьерлик кызматка байланыштуу чектөө болсо 11-августта жарыяланган жана ал да алгач 2025-жылдын аягына чейин деп белгиленген.
Эскете кетсек, бул чектөө ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөргө тиешелүү эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















