super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ошто жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга айып пул салынды 

 

Ош эл аралык аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайдан жүзүн толук жаап жүргөндүгү үчүн 3 аялга 20 миң сомдон айып пул салынган.

Ош эл аралык аэропортунда Умра сапарынан кайтышкан зыяратчыларды тосуп алуу үчүн келген жарандардын саны арбын болууда. Алардын арасынан жүзүн толук жаап видеокөзөмөл камерага түшүп калган жарандарга тартип сакчылары тарабынан айып пул салынууда", - деп билдирет Ош ОИИБи.

Белгилей кетсек, коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренесинин негизинде 20 000 сом айып пул салынуусу каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: