№8 түзөтүү мекемесинде “Сармерден” улуттук оюн-зоок иш-чарасы өттү
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 түзөтүү мекемесинде “Сармерден” маданий иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда мекемеден билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу президенттин жарлыгынын алкагында уюштурулду.
"Иш-чарага ЖАМКнын №2 (аялдар абагы) жана №8 түзөтүү мекемесинин соттолгондору катышып, кыргыз элинин бай маданиятын жана салттуу оозеки чыгармачылыгын даңазалашты. Кеченин жүрүшүндө макал-лакап жана жанылмачтар айтылып, акыйнек айтышуу, “Манас” эпосунан үзүндү аткаруу, элдик ыр-күүлөр тартууланып, улуттук каада-салттарды чагылдырган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Бул маданий иш-чаранын негизги максаты — соттолгондордун руханий жана маданий дүйнөсүн байытуу, адамдык жана адептик баалуулуктарды калыптандыруу, ошондой эле алардын коомго кайра аралашуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат", - деп белгиленген маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















