super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте Европага мыйзамсыз жумушка орноштуруу аракети токтотулду

 

Бишкекте Европага мыйзамсыз жумушка орноштуруу аракети токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 13-ноябрда министрликтин Чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Бишкек ШИИББи менен биргеликте “Technopark” имаратында чет элдик жарандар тарабынан мыйзамсыз кабыл алуу жүргүзүлгөнүн аныктады.

Текшерүүдө уюштуруучулардын кыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча расмий уруксатка ээ эместиги такталды. Чогултулган материалдар мыйзамдуу баа берүү үчүн ИИМге жөнөтүлдү.

Борбор жарандарга чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин лицензиясын текшерүүгө чакырып, мыйзамдуу эмгек орноштуруу милдеттүү талап экенин эскертти. Агенттиктердин мыйзамдуулугун migrant.kg сайтынан текшерүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: