Эки жылда чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге 350дөн ашык "Мекен-карт" берилди
2023-жылдын 13-мартынан тарта Кыргызстанда "Мекен-карт" автоматташтырылган системасы аркылуу чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештер статус алууга өтүнмө бере башташты. 2025-жылдын 31-августуна чейин 403 өтүнмө кабыл алынып, анын ичинен 358и бекитилгенин Эмгек министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, картаны Орусия, Түркмөнстан, Германия, Австрия, АКШ, Түркия, Украина жана башка өлкөлөрдүн жарандары алышкан.
"Мекен-карт" 10 жылга жарактуу жана анын ээлери: визасыз Кыргызстандын аймагына кирип-чыгуу, туруктуу жашоо, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү, саламаттык сактоо жана билим берүүдө бирдей шарттардан пайдалана алышат, ошондой эле айыл чарба жерлерин 10 жыл ичинде ажыратууга укуктуу.
Система чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышты бекемдөөгө жана Кыргызстанда иштөөсүнө шарт түзүүгө багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















